Жакында Кыргызстанда үч аэропорт иштей баштайт

Жакында Кыргызстанда үч аэропорт иштей баштайт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынын жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди.

 

Анын айтымында, аэропорттор Нарын, Казарман жана Кербен шаарларында ачылат. Нарында иштер кызуу жүрүп, бир айдын ичинде аэропорттун ишке кириши күтүлүүдө. “Кербен” жана “Казарман” учактарды кабыл алууга даяр.

 

Самидинов жаз айларында Таласта аэропорт ачылганын эске салды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.