Жыл башынан бери кыргызстандыктар 44 миңден ашуун адамга көбөйдү

Жыл башынан бери кыргызстандыктар 44 миңден ашуун адамга көбөйдү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 1-июнга карата өлкөнүн туруктуу калкынын саны 7 миллион 210 миң адамды түздү.

 

Ушул жылдын январь-май айларында калктын табигый өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында, эң төмөнкүсү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда катталган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.