Париждеги Олимп оюндарында бүгүн Кыргызстандын эки спортчусу мелдешке чыгат. Суучул Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метр аралыкты эркин сүзүү боюнча жарышат. Мелдеш саат 11:00дө башталат.
Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда күч сынашат. Ал АКШнын спортчусу Жамал Харви менен кез келет. Беттеш түнкү саат 00:00дө башталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.