Токтогулдагы суунун көлөмү 12 млрд метр кубду түздү

Бүгүн, 5-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 21 млн метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 825 метр кубду түзсө, сууну керектөө 434 метр куб болууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.