Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасында жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңип, финалга чыкты. Балбан эми финалдык беттеште АКШ спортчусу Эмит Элор менен алтын медаль үчүн күч сынашат.
Финалдык беттеш 7-августка караган түнү өтөт.
Ал эми Жоламан Шаршенбеков жарым финалда япон балбаны, Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде жеңилди. Эми ал бүгүн коло байге үчүн күчүн сынайт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.