Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү быйыл инвестициялык активдүүлүктүн жогору болушунан улам 5,5 пайызды түзөт. Мындай божомолду Евразия өнүктүрүү банкы билдирди.
Кийинки жылдары өсүш 5%дан төмөн басаңдашы күтүлүүдө. Дүйнөлүк рыноктордо баанын турукташуусунан улам ушул жылдын аягына чейин инфляциянын 4,3%га басаңдашы болжолдонууда.
Улуттук банк Евразия өнүктүрүү банкынын болжолдоолоруна ылайык, эсептик ченди бүткүл болжолдонгон мезгил ичинде 9% деңгээлинде сактап калат, деп жазды Экономист порталы.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.