“Менин үйүм” жаңы турак жай программасы иштелип чыкты

Кыргызстанда “Менин үйүм” жаңы турак жай программасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрага орун басары Тилек Жеембаев билдирди.

 

Анын айтымында, жаңы программа жеке жактарды да камтыйт. Мындан тышкары, мурунку долбоордун алкагында 15 миң үй-бүлөнү үй менен камсыз кылуу пландалып жатса, жаңысы 40 миңге эсептелген.

 

Ошондой эле катышуучулардын минималдуу жаш курагы 21ден 18 жашка чейин төмөндөтүлдү.

 

2030-жылга чейин эсептелген программаны ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания донордук колдоону, мамлекеттик жана өзүнүн каражаттарын колдонууну пландаштырууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.