Бишкек—Балыкчы багыты боюнча VIP вагондорго билеттер сатыла баштады

Бишкек—Балыкчы багыты боюнча VIP вагондорго билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

 

Поезд ушул жума, 21-июлдан тарта каттамга чыгат. Билеттин баасы чоңдор үчүн 800 сом, балдар үчүн 400 сомду түзөт.

 

Вагондор ыңгайлуу дивандар, чоң терезелер, кондиционер, телевизор жана WI-fi менен жабдылган. Мындан тышкары, поездде суусундук саткан бар иштейт.