Нарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Куланак айылындагы бир нече коктудан сел жүрүп 42 үйдүн короосун, чарбалык жолдорду суу каптап, көпүрө талкаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Жеринде ӨКМдин райондук бөлүмүнүн куткаруучулары үйлөрдү тазалап жатат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.