Баткен облусунда алты айда 40 чакан ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында облус аймагында 2 миң 382 жумуш орду түзүлгөн. Бул мамлекеттик, жеке менчик мекеме-ишканалар, өнөр жай, анын ичинде кен казуу, айыл чарба тармактарында түзүлгөн кошумча жумуш орундары болуп саналат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.