Өлкөдөгү колониялар жоюлушу мүмкүн

Өлкөдөгү колониялар жоюлушу мүмкүн. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов билдирди.

 

Анын айтымында, абактагылардын баарын атайын электрондук билериктер менен жабдып, пробацияга өткөрүү сунушталууда. Бирок өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга пробация колдонулбайт.

 

Колонияларды жоюу боюнча акыркы чечим Министрлер кабинетинин макулдугун талап кылат. Демилге колдоого алынса, жаза өтөө тармагында олуттуу реформалар болот деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.