Кыргызстанда сүт продукциясы менен сүт кошулган товарлар эки башка текчеге коюлуп сатыла баштайт

Кыргызстанда сүт продукциясы менен сүт кошулган товарлар эки башка текчеге коюлуп сатыла баштайт. Тиешелүү токтом долбоорун Айыл чарба министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, соода түйүндөрү сүт жана курамында сүтү бар азыктарды эки башка текчеге коюуга милдеттендирилет.

 

Мындай чара товардын курамы боюнча элдин маалымдуулугун жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн укугун коргоо үчүн зарыл, — дешти ведомстводон.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстандан сүт сатып алган Россияда эки текче эрежеси  2019-жылдан бери иштейт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.