Париж-2024: Акжол менен Үзүр коло медаль утту

Париж Олимпиадасында Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков коло медаль утту. Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңди. Үзүр Жузупбеков болсо 97 килограмм салмакта египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде артка калтырды.

 

Учурда Кыргызстандын капчыгында Париж олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы бар. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болгон. Дагы бир колону 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков алган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.