Бишкек ЖЭБинде эки блок капиталдык оңдоодон өтүп жатат.
Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Келе жаткан жылуулук сезонуна даярдыктын алкагында №3 жана 4-блоктор толугу менен калыбына келтирилет.
Аталган блоктор 7 жыл мурда ишке кирген. Капиталдык оңдоодон кийин объектилердин кубаттуулугу 200 мегаваттан 300гө чейин көбөйтүлөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.