Өкмөт башчы электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Ал өз кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

 

Анын айтымында, быйылкы кышта электр энергиясы дефицит болот. Чиновник мунун себебин суунун жылдагыдан аз болгону менен байланыштырды.

 

Ал ошондой эле өлкөдө курулуп жаткан ГЭСтер бүтөрү менен электр энергиясынын маселеси чечилет деп ишендирди.