Париждеги Олимп оюндарында кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты. Ал бокстон жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп алды.
Мунарбек Сейитбек уулу финалда өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен беттешет. Таймаш 11-августта өтөт.
Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын финалына чыккан алгачкы кыргыз мушкери болуп калды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.