Олимпиада оюндарында жеңишке жеткен спортчулардын сый акысы көбөйтүлдү. Мындай чечимди Министрлер кабинети кабыл алганынын 24.kg агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, күмүш медаль үчүн 10 миллион сом, коло медаль уткандарга 7 миллион сомдон тапшырылат. Буга чейин мындай даражадагы медалдарга 7 жана 5 миллион сомдон убадаланган болчу.
Белгилеп кетсек, Парижде өткөн жайкы олимп оюндарында кыргызстандык спортчулар 2 күмүш жана 4 коло медаль ээлешти.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.