Кочкор-Атада Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жаңы филиалы ачылды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жаңы филиалы ачылганын билдирди.

 

Бөлүм калкты, жарандык абалдын актыларын, чет элдик жарандарды каттоо, паспорт берүү жана башка кызматтарды көрсөтөт.

 

«Эми шаар тургундары жана коноктору керектүү мамлекеттик кызматтарды тезирээк жана ыңгайлуурак ала алышат», — деп айтылат маалыматта.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.