Чек ара: Кезекте турган жүк ташуучу унаалардын саны 400дөн ашты

Кыргыз тарап Казакстандын өкүлдөрү менен жолугуп, унаалардын узун кезегинин себебин талкуулоону көздөөдө. Чек ара кызматынан Novosti.kgге билдиришкендей, жолугушуунун күнү жана орду азырынча белгисиз.

 

Эске салсак, Казакстан менен чек арада кайрадан көйгөйлөр жаралды. Тагыраагы ушул тапта “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде Кыргызстандан Казакстанга 400дөн ашык жүк ташуучу унаа өтө албай турат. Айдоочулардын айтымында Казакстан күнүнө 5-6 гана машинени өткөрүп жатат.

 

Ошол эле учурда биздин өлкөнүн Чек ара кызматы Кыргызстандан эч кандай чектөөлөр болбогонун жана өткөрүү пункту штаттык режимде иштеп жатканын белгиледи.