Өлкөдө балдарды биринчи класска кабыл алуунун экинчи этабы жүрүүдө.
Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге электрондук кезек менен кабыл алуу 30-августка чейин уланат.
Экинчи этаптын алкагында ата-энелер балдарын жашаган жерине карабай, бош орундары бар мектептерге жаздыра алат. Ал үчүн маалыматтык системага арыз калтыруу керек.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.