Ошто “Жеткиликтүү турак жай” программасы аркылуу үй алуу мөөнөтү узартылды

Ошто “Жеткиликтүү турак жай” программасы аркылуу үй алуу мөөнөтү узартылды.

 

Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. 2024-2027-жылдарга иштелип чыккан концепциянын алкагында, өлкө жарандары жашаган жерине, каттоосуна, иштеген ишине, ишмердүүлүгүнүн багытына карабастан 7-10 жылдык мөөнөттө бөлүп төлөө шарты менен турак жайлуу боло алат.

 

Ишкананын үлүштүк курулуш программасы жарандарга жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта өз баасында турак жайга ээ болуусуна мүмкүнчүлүктөрдү түзөт жана документтештирүүдө бир катар жеңилдиктерди берет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.