Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылындагы каникулдардын планын бекитти. Ага ылайык, окуучулардын күзгү эс алуусу 4-ноябрдан 10-ноябрга чейин созулат, кышында болсо 30-декабрдан 12-январга чейин.
Жазгы каникулдар 17-мартта башталып, төртүнчү чейрек 23-мартта башталат.
Андан тышкары, нөлүнчү класска кабыл алынган 6 жаштагы балдарга кошумча 2 жума эс алуу берилет, ал эми биринчи класстын окуучулары үчүнчү чейректе бир жума эс алышат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.