Мадумаровдун ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун бошогон мандаты «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесиндеги Аккулу Бердиевге тапшырылды. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан билдиришти.

 

Аккулу Бердиев 2015-жылы «Республика-Ата Журт» партиясынан шайлоого катышып, 2020-жылдын октябрында мандат алган. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы тараганга чейин депутат болуп иштеп, 2021-жылкы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 15-катарда катышкан.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.