Үстүбүздөгү жылдын алты айында Кыргызстанга 71 миңден ашык жеңил унаа алып келинди

Үстүбүздөгү жылдын алты айында Кыргызстанга 71 миңден ашык жеңил унаа алып келинди. Анын 50 миңи биринчи кварталда ташылса, экинчи кварталда 21 миң унаа импорттолгон.

 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылат. Сандар кыскарганына карабастан импорттун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу көп. Өткөн жылы жарым жылда сырттан ташылган жеңил унаалардын саны 53 миң 800дү түзгөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.