Ошто муниципалдык асфальт-бетон жана таш майдалоочу завод куруу пландалууда

Ошто муниципалдык асфальт-бетон жана таш майдалоочу завод куруу пландалууда. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына караганда, бул шаардагы жолдорду аз убакытта салуу жана оңдоого шарт түзөт.

 

Оштун мэри Бакытбек Жетигенов Озгур айылында курула турган заводдун жерин көрүп чыгып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.