Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 63 техника тартылды

Ысык-Көл районундагы сел кесепеттерин жоюуга жалпы 63 инженердик техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагында сел каптаган айылдарда тазалоо иштерин жүргүзүүгө ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде жалпы 370 адам, 63 инженердик техника, 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылды.

Анын ичинен
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен:
— 362 куткаруучу;
— 14 инженердик техника;
— 3 өрт очүрүүчү унаа.
Ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан:
— 8 адам;
— 49 инженердик техника жеринде иш алып барууда.