Бишкектин коомдук транспортунда тариф 20 сомго кымбатташы мүмкүн

Бишкектин коомдук транспортунда тариф 20 сомго кымбатташы мүмкүн.

 

Тиешелүү мыйзам долбоору шаардык кеңеште коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, троллейбус, автобус жана маршруттук таксилерде жол кире  20 сомду түзүп калат.

 

Мындай чара жүргүнчүлөрдү туруктуу коомдук транспорт менен камсыздоого жана муниципалдык автотранпорттук ишкананын экономикалык абалын жакшыртууга багытталат.