Кыргызстандыктар үчүн Пакистанга виза алуунун жол-жобосу жеңилдетилди

Кыргызстандыктар үчүн Пакистанга виза алуунун жол-жобосу жеңилдетилди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган өлкөдөгү жаңы визалык саясатка ылайык, биздин жарандар туристтик жана ишкердик визаларга расмий онлайн-виза системасы аркылуу тапшыра алышат.

 

Талапкерлер системадагы 30 милдеттүү талаасы бар кыскартылган анкетаны толтурат. Арыз берилгенден кийин автоматтык түрдө виза берүү жөнүндө билдирүү чыгат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.