Бишкекте жаңы автобустук каттам кое берилди

Бишкекте жаңы автобустук каттам кое берилди. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, №64 автобустун акыркы аялдамалары Ынтымак конушунда жана Маевка айылында. Каттамга 20 автобус 7 мүнөттүк интервал менен чыгат.

 

Белгилеп кетсек, ордо калаа мэриясы быйыл бардык кичиавтобустарды каттамдан чыгарып, автобустарды киргизди. Ошондой эле троллейбустар да алынды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.