Париж Паралимпиадасында кыргызстандык Айтунук Жоомарт кызы кечээ аялдар арасында триатлондон жарышка чыгып, 11-орунду ээледи.
Паратриатлондо көзү азиз спортчулар 150 метрге сууда сүзүп, 20 чакырым велосипед менен дагы 5 чакырым жөө чуркашат. Айтунук Жоомарт кызы жалпы көрсөткүчтө 1 саат 25 мүнөт 36 секундада маарага келген. Бул категорияда алдыңкы үч орунду испаниялык, италиялык жана германиялык атлеттер ээледи.
Эске салсак, 1-сентябрда кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетикадан 1 миң 500 метр аралыкка чуркап, 13-орунду ээлеген.
Кыргызстандан бул оюндарга төрт спортчу катышууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.