Чүй облусунда сэндвич-панелдерди өндүрүү боюнча завод ишке кирди. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Аламүдүн районунун Арашан айылында жайгашат.
Ишканага салынган инвестициянын көлөмү 2 миллион долларды түздү. 30 адам заводдо жумуш менен камсыздалды. Анда жылына 400 миң чарчы метр материал өндүрүү пландалууда.
Белгилеп кетсек, завод өлкөдөгү сэндвич-панелдерди чыгаруучу эң ири ишкана болот. Ал ички рыноктогу суроо-талапты толугу менен жаап, продукцияны экспортко дагы чыгара алат деп күтүлүүдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.