Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттеши учурунда Бишкекте коопсуздукту үч миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милиция футбол күйөрмандарын стадионго беттеш башталардан 2 саат эрте келүүгө чакырып, айнектен жана пластиктен жасалган бөтөлкөлөр, пиротехникалык заттарды стадионго алып кирүүгө тыюу салынарын эскертти.
Оюн 10-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Курамалар 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү раундунун алкагында кез келет.
Белгилеп кетсек, оюнда биринчи жолу VAR системасы колдонулат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.