Адамды жүзүнөн тааный турган камераларга 40 миллион сом жумшалат

Бишкек мэриясы адамды жүзүнөн тааный турган камераларга 40 миллион сом жумшайт. Муниципалитеттен билдиришкендей, унаалардын номурун да таануучу видео көзөмөл шаардын бардык райондорунда орнотулат.

 

Мындай кадам коопсуздук үчүн жасалып жатканы белгиленди. Анткен менен айрым активисттер маалыматтык коопсуздукка байланыштуу жүзүнөн таануучу камералардын коюлушуна каршы болуп келишет.