Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери 3 миллиард 199 миллион сом мүлк салыгын чогултту. Ведомстводон маалымдашкандай, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 379,4 миллион сомго көп.
Эске салсак, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга жана үй жанындагы, короо-жай жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктаган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.