Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки өткөрмө бекет кайрадан ачылды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки өткөрмө бекет кайрадан ачылды. Алардын бири Ош облусундагы «Кара-Суу» пункту болсо, экинчиси Жалал-Абаддын Ноокен районунда жайгашкан «Кең-Сай» бекети.

 

Мындан 14 жыл мурун жабылган «Кара-Суу» өткөрмө бекети суткасына 5 миңге чейин адамды тейлей алат деп күтүлүүдө. Ал эми Өзбекстан тараптан «Үч-Коргон» көзөмөл өткөрүү пункту деп аталган «Кең-Сай» күнү-түнү иштейт, эл аралык макамга ээ. Бул жер бир суткада 11 миңден ашуун адамды жана 300 транспорт каражатын өткөрүүгө жөндөмдүү.

 

«Кең-Сай» 2009-жылы жабылган. Кошумчаласак, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам иштебей калган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.