Бишкекте ЖЭБ-2нин аймагында айкалышкан циклдеги электр станциясы курулат

Бишкекте ЖЭБ-2нин аймагында айкалышкан циклдеги электр станциясы курулат. Ордо калаа мэриясы компаниялардын бири менен инвестициялык макулдашууга кол койду.

 

Келишимдин суммасы 300 миллион долларды түзөт, ал эми электр станциянын кубаттуулугу 250 мегаваттан ашат. Күтүлгөндөй, долбоордун алкагында инфраструктура жаңыртылып, жаңы жумуш орундары түзүлөт.

 

Андан тышкары, аткаруучу компания өз эсебинен Ала-Арча подстанциясына чейин электр өткөрүү линияларын тартып, 10 чакырым жылуулук трассасын курат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.