Кыргызстанда энерго объектилердин ишине көзөмөл күчөтүлдү

Кыргызстанда энерго объектилердин ишине көзөмөл күчөтүлдү.

 

Улуттук электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, бул алдыдагы суукка байланыштуу. Штаттан тышкаркы учурларга авариялык-оңдоо бригадалары даярдалды.

 

Энергетиктердин, транспорт жана атайын техниканын күнү-түнү нөөмөтү уюштурулду. Ишканадан белгилешкендей, суук түшкөндө электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү кескин өсөт, бул өз кезегинде жабдууларга күч келтирет. Андыктан, жарандарга электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу сунушталат.