Бишкекте Жибек Жолу проспектисин жана Горький көчөсүн капиталдык оңдоо иштери уланууда. Мэриядан билдиришкендей, бүгүн Горький көчөсүнүн Абдрахманов — Панфилов тилкеси унаа кыймылына ачылды.
Учурда Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки тилке жабык. Белгилеп кетсек, Горький көчөсү Айтматов проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.