Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунунун курулушу 1-июнга чейин жыйынтыкталат.
Буга Унаа жана жолдор министрлигинен ишендиришти. Маалыматка ылайык, туристтик сезондун башталышына карата трассанын бир тарабын кыймылга ачуу тапшырмасы берилди.
Учурда иштер анын Сары-Камыш айылынан Тору-Айгырга чейинки тилкесинде жүрүп жатат. Ал эми жолдун жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт.