Жыл башынан бери Россиядагы кыргызстандык мигранттар 1 миллиард 552 миллион доллар которду

Жыл башынан бери Россиядагы кыргызстандык мигранттар 1 миллиард 552 миллион доллар которду. Мындай маалымат менен Улуттук банк бөлүштү.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын январь айынан июлга чейин жалпысынан Кыргызстанга 1 миллиард 671 миллион доллар которулду. Бул өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 110 миллион долларга көп.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.