Бир жылда Кыргызстанда өсүмдүк майы дээрлик 30 сомго арзандады

Бир жылда Кыргызстанда өсүмдүк майы дээрлик 30 сомго арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

 

Ведомствонун маалыматына караганда, ушул жылдын январынан июль айына чейин өлкөгө дээрлик 21,5 миң тонна күн карама майы 2 миллиард 64 миллион сомго импорттолгон. Бир килограммдын орточо баасы дээрлик 96 сомду түздү.

 

Өткөн жылдын ушул мезгилинде 2 миллиард 859 миллион сомго 22 миң 750 тоннадан ашык май импорттолгон. Анда килограммдын орточо баасы 125,5 сомдон жогору болгон, башкача айтканда, дээрлик 30 сомго кымбат болчу.