Ош шаарындагы “Коопсуз шаардын” камералары жөө адамдардын эреже бузган учурларын да тартат

Ош шаарындагы “Коопсуз шаардын” камералары жөө адамдардын эреже бузган учурларын да тартат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Ошондой эле айдоочу, жүргүнчү коопсуздук курун тагынбаса эреже бузуу болуп катталат. Бишкек менен Чүйдө мындай эреже бузуулар азырынча камерага түшпөйт.  Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоору толугу менен Ички иштер министрлигине өтүп, эми камералар бардык аймактарга коюлары айтылган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.