Кыргызстанда электрондук капчыктарды депозиттерди коргоо программасына кошуу пландалууда

Кыргызстанда электрондук капчыктарды депозиттерди коргоо программасына кошуу пландалууда.

 

Бул тууралуу депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирди.

 

Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда каралып жатат. Ал кабыл алынгандан кийин жарандардын электрондук капчыктагы 1 миллион сомго чейинки каражаты коргоого алынат. Чиновник белгилегендей, андан аз суммалары үчүн жарандар кооптонбой эле койсо болот. Каражат бардык учурда сакталат.