Чүй облусунда жолдорду асфальттоо иши уланууда

Чүй облусунда жолдорду асфальттоо иши уланууда. Унаа жана жолдор министрлигинен кабарлашкандай, Красная-Речка – Ысык-Ата унаа жолун асфальттоо иштери толугу менен аяктады.

 

Учурда жол чийиндерин чийүү, жээктерди бекемдөө, керектүү жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

 

Ошондой эле Александровка – Асылбаш жолу асфальт төшөө үчүн даярдалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.