«Тилектештик автобусу» акциясы жыйынтыкталды

«Тилектештик автобусу» акциясынын алкагында 1 миң 119 жаранга укуктук жардам көрсөтүлдү.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган акция 13-марттан 25-мартка чейин өткөрүлдү.

Анын негизги максаты калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, акысыз юридикалык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Акциянын жүрүшүндө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координаторлору, адвокаттары, мамлекеттик нотариустар жана башка мамлекеттик органдардын кызматчылары аталган пилоттук облустарда калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүштү.