Кыргызстанга ташылган күйүүчү майдан Жол фондуна акы алуу сунушталды

Кыргызстанга ташылган күйүүчү майдан Жол фондуна акы алуу сунушталды. Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын литринен бир сомдон салыктык эмес жыйымдарды алып,

 

Жол фондуна топтоону сунуштап жатат. Унаа жана жолдор министри Абсаттар Сыргабаев Кыргызстанда унаалардын саны 2020-жылга салыштырганда 15 пайызга көбөйгөнүн, салынган жолдор каражат жетишсиздигинен жетиштүү каралбай  жатканын белгиледи.

 

Өлкөгө жылына 1 миллион 700 миң тоннадан ашык күйүүчү май ташылып келет жана анын ар бир литринен бир сомдон алынганда, Жол фондуна 1 миллиард 700 миллион сом түшөт, — деди министр.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.