Бишкектин чечтинде жаңы “Ош” базарынын курулушу башталды

Бишкектин чечтинде жаңы “Ош” базарынын курулушу башталды. Курулуштун координатору Бакыт Ургалиев билдиргендей,  жаңы объектке 59 гектар жер бөлүнгөн. Бул жерде жалпысынан 9 ири павильон курулуп, аларда ишкерлер үчүн соода аянттары түзүлөт.

 

Базардын аймагында спорт зал, мечит, медициналык пункт дагы каралат. Ошондой эле жанында 12 гектар аянттан турган парковка пайда болот. Жаңы базар кийинки жылдын октябрь айында ачылат деп пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.