Ордо калаанын бардык билим берүү мекемелери алдыдагы бейшемби, жума күндөрү онлайн форматта иштейт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка ведомство жетекчиси кол койду.
Чечим бардык окуу жайларга тиешелүү – бала бакчалардан жогорку окуу жайларга чейин. Ошондой эле жеке менчик мектеп, бакчалар дагы иштебейт. Министрлик муну саммит өтө турган күндөрү борбордук көчөлөр чектелип, тыгындар жарала турганы менен түшүндүрүүдө.