Мамлекеттик авиакомпаниянын учагы Бишкектен Ошко учат

Мамлекеттик авиакомпаниянын учагы Бишкектен Ошко учат. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти. Мааламатка ылайык, каттам 27-сентябрда саат 11де болот.

 

Буга чейин жаңы сатып алынган учактар Таласка учуп, сыноодон өткөн. Ал эми Ошко билеттердин баасы 3 миң 300 сомду түзөт.