Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 495 миң 718 сом жумшалат

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого мамлекеттик бюджеттен 495 миң 718 сом кетет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

 

Каражат комиссияларды окутууга, маалыматтык материалдарды басып чыгарууга, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин аймактарга жеткирүүгѳ, аймактык шайлоо комиссияларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылууга сарпталат.

 

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге шайлоо ушул жылдын 17-ноябрында өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.